
Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюму «Үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербе» маалымат кампаниясын баштайт.
Анда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аныктоо жана жардам беруу боюнча иштеген биздин уюмдун адресин жана телефондорун чагылдырган плакаттарды жана баракчаларды даярдадык.
Биз аларды Жалал-Абад облусунун шаарларына жана райондоруна таратабыз.
Биз ошондой эле жергиликтүү телеканалдарда көрсөтүлө турган видеоролик даярдадык.
Маалыматтык кампаниянын максаты: үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган керектүү маалыматты берүү, үй-бүлөлүк зомбулуктун потенциалдуу курмандыктарынын көңүлүн буруу, Жалал-Абад облусунун жашоочуларын социалдык жана укуктук коргоо чаралары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу.
СИЗГЕ КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАБЫЗ
Профессионалдуу адвокаттар жана юристтер сизге кеңеш беришет жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүшөт.
укуктук ЖАРДАМ —:
— консультациялар
— онлайн консультациялар (анонимдүү)
— документтерди даярдоо
Сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон жолдор менен биз менен байланыша аласыз:
Номерине чалыңыз — +996 (3722) 2-17-18
Мессенджерлерге жазыңыз — +996 (997) 10-07-07
Даректе көрсөтүлгөн офисибизге келиңиз — Жалал-Абад, ул. Эркиндик, 30 — квартал.