ӨГӨЙ АТАСЫН КӨРГӨНДӨ КЫЗ КОРККОНУНАН СИЙИП КОЙЧУ.

СОТ БАЛА ӨЛТҮРҮҮ БОЮНЧА ИШТИ КАРАП ЖАТАТ

2019-жылдын март айында Сузак районунда 2,5 жаштагы кыз өлтүрүлгөн. Ошол эле жылдын ноябрь айында райондук сот кыздын апасы Танзиланы (материалдагы бардык ысымдар өзгөртүлгөн) өз кызын өлтүргөн деп айыптап, жети жарым жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк, 2020-жылдын январында өкүмдү аткаруу аялдын кош бойлуулугуна байланыштуу – жаңы төрөлгөн бала 14 жашка чыкканга чейин токтотулган.

2020-жылдын 23-июнунда Жалал-Абад облустук соту облустук прокуратуранын апелляциялык арызынын негизинде биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарган. Прокуратура өз билдирүүсүндө кыздын өгөй атасынын өлтүрүүгө катыштыгы бар болушу мүмкүн экенин көрсөткөн жагдайларга көңүл бурду. Документте Муратали (өгөй атасы) өгөй кызы менен чогуу жашаганына абдан нааразы болуп, аны дайыма сабап кордоп турганы айтылат.

Прокуратура ошондой эле кызга келтирилген жаракат дарактын бутагынан жана телефондун заряддагычынын зымынан болушу мүмкүн эместигин айткан. Өлтүрүлгөн кыздын апасы мойнуна алып жатканда бутак жана телефондун заряддагычынын зымы менен өлтүргөндүгү жөнүндө көрсөтмө берген.

«Кыз ыйлабасын деп ага калемпир кошулган арак ичирчү. Өгөй атасын көргөндө кыз коркконунан заара ушатчү», — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө. Мындан тышкары облустук прокуратура соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна шилтеме жасап, анда: боордун жарылышы, колдун, тизенин жана бел жагындагы көгала, 38 мм гематома жана баш бөлүгүндө соккон күчтүн же дубалдын соккусунан улам көгөрүп калганы, кулактын арткы сыйрылгандыгы жөнүндө жазылган.

Өлтүрүлгөн кызды өлүкканадан көргөн чоң атасы Нурали да зордук-зомбулук белгилерин айтат.

Кыздын жакындары сексуалдык мүнөздөгү адепсиз жоруктар тууралуу да айтып жатышкан, ал тергөөнүн башында айтылып, бирок кийин бул маселе көтөрүлбөй калган.

Уурулук үчүн үч жолу соттолгон Мураталы үчүн бул үчүнчү нике болду. Аял экинчи жолу турмушка чыккан. Ал киши көп иччу экен. Танзиланын атасы Нуралынын айтымында, алар чогуу жашаган мезгилде үй-бүлөлүк чыр-чатактар ​​байма-бай чыгып, андан кичинекей Азиза да жабыркачу. Эң башында Муратали ага өз кызындай мамиле кылууга сөз берген эле.

Туугандары кыз өз жашынан акылдуу болгонун айтышат. Өгөй атасынын айынан Азиза бала бакчадан үйгө кайткысы келчу эмес. Ал кечки тамактан баш тартып, эрте уктап калууга аракет жасачу — анын жанында болбоо үчүн. Кыздын өгөй атасынан коркуу сезими күчтүү болгондуктан, анын талабы менен калемпир кошулган арак ичүүгө аргасыз болгон. Туугандары Муратали кызды тамеки тартууга да мажбурлаганын айтышууда.

Мураталанын агасы Мирбек кызды өзүнө алып алуу ниети ишке ашпаганын айтып, бул тууралуу ата-энесинен бир нече жолу суранганын айтат. Ал көзүнө жаш алып, бир күнү Жалал-Абаддан келгенде Азиза ага атайын эки пряник алып келгенин эстейт.

Нурали чоң атасы ошол каргашалуу күнү күйөө баласына телефон чалып, Азизаны сураганын айтат. Күйөө баласы апасы жумушка – бала бакчага ээрчитип кеткенин айткан. Бирок отуз мүнөткө жетпей Танзила өзү чалып, тезирээк келүүнү суранган. Нуралы келгенде үйдө милиция менен дарыгерлер болушкан. Азиза каза болуп калган экен.

Аялдын жакындары Мураталы Танзиланы алдап, кызды өлтүргөндүгүн мойнуна алдырганын айтышууда. Ал кош бойлуу аялга көп жыл эркиндигинен ажыратуу жазасы берилбей турганын, унаасын сатуу менен аны чыгарам деп ишендирген. Ал эми соттук териштирүүдө Танзиланын шок абалынан пайдаланып, ага ынанымдуу жалаа жапкан. Ал кыздын өлүмүнө бир күн мурда апасынан алган жарааттары себеп болгонуна ишендирген. Дагы бир версия боюнча, аял чындап эле кызын бутак жана телефондун заряддагычы менен жазалаган, бирок бул каргашалуу күндөн бир топ мурда болгон.

Сузак райондук соту аялды жети жарым жылга кескен. Райондук сот ишти кайрадан карап чыгып, Мураталынын шалаакылыгы адам өлүмүнө алып келген деп таап, аны төрт жарым жылга эркинен ажыраткан.

Прокуратура жана Азизанын мыйзамдуу өкүлдөрү коюлган айыптоо менен макул эместигин билдиришти.

 Азизанын чоң атасы жана мыйзамдуу өкүлү Нуралынын кызыкчылыгын коргоп жаткан «Справедливость» укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Райымжанов кыздын денесинде катуу сабалуунун ачык белгилери табылганда, шалаакылыктан өлүмгө дуушар болгонун кантип айтууга болот деп таң калууда.

«Эгерде бир адам кокустук кылып же байкабай каттуу сокку берип алса, бул шалаакылык катары кабыл алынышы мүмкүн. Бирок мыкаачылык менен ур-токмокко алуу бул таптакыр башка нерсе. Мага, жада калса тажрыйбалуу юристке иштин материалдары менен таанышуу, кичинекей кыздын өлүмүнө алып келген жаракаттар жөнүндө окуу кыйын болду, — деп ачууланды Раимжанов.

Прокуратура «Справедливосттун» юристи сыяктуу эле Мураталыны «адам өлтүрүү» беренеси боюнча жоопко тартууну сунуштоодо. Бул иш боюнча облустук соттун кийинки отуруму 2022-жылдын 7-мартына белгиленди.

FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram