23-жаштагы Тахиржан армияга барууну самайт, бирок анын паспорту жок. Үчкө чыкканда апасы каза болгон. Атасын эстей да албайт. Тахиржан үчкө чыкканда ал Өзбекстанга кетип калган.
Төрт жылдан бери ал паспорт столдун эшигин бейпайда кагып келет. Паспорт стол Тахиржандан Өзбекстандын жараны эмес деген справканы талап кылууда. Тахиржан эч качан Кыргызстандан чыккан эмес. Кыргызстан тургай Жалал-Абаддын сыртында да болгон эмес.
12 жашка чейин тай энеси менен жашаган. Азыр ижара төлөнүүчү батирде жалгыз жашайт. Жүк ташуучу болуп иштеди. Мойкада иштеди. Азыр вулканизацияда иштеп жатат. Үзгүлтүксүз жумушка орношо албайт. Ал үчүн паспорт талап кылынат.
Аткаминерлер Тахиржандын оор абалын көзгө илбей жатышат…