Перейти к содержимому

АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган

Преамбула

Адамзат үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрүнө мүнөздүү нарк-касиетти жана алардын тең жана ажыралгыс укуктары эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жана жалпы тынчтыктын негизи болуп санала тургандыгын көңүлгө алып; жана

адам укуктарын этибарга албоо жана жек көрүү адамзаттын абийирин жийиркенткен жырткычтык актыларга алып келгендигин жана адамдар сөз жана ынаным эркиндигине ээ боло турган, коркуудан жана муктаждыктан эркин боло турган дүйнөнү түзүү, адамдардын асыл умтулуусу катары жарыяланганын көңүлгө алып; жана

адам акыркы арга катары зомбулукка жана эзүүгө каршы көтөрүлүп чыгууга аргасыз болбошун камсыз кылуу максатында адам укугу мыйзам күчү менен корголушу зарыл экендигин көңүлгө алып; жана

элдердин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү зарылдыгын көңүлгө алып; жана

Бириккен Улуттардын элдери анын Уставында адамдын негизги укуктарына, адам инсанынын зоболо-баркына жана нарк-касиетине жана эркектер менен аялдардын тең укуктуулугуна ишенгендиктерин ырасташкандыгын жана социалдык прогресске жана кеңири эркиндик менен жашоо-турмуш шартын жакшыртууга көмөктөшүүнү чечишкендиктерин көңүлгө алып; жана

мүчө болгон мамлекеттер Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташууга көмөктөшүүгө, адам укуктары менен негизги эркиндиктерин жалпы урматтоого жана сактоого милдеттенгендиктерин көңүлгө алып, жана

бул укуктар менен эркиндиктердин мүнөзүн жалпы түшүнүү бул мнлдеттенмени толук аткаруу үчүн зор мааниге ээ экендигин көңүлгө алып;

Генралдык Ассамблея

коомдун ар бир адамы жана ар бир органы ушул Декларацияны эске алуу менен агартуу жана билим берүү аркылуу бул укуктар менен эркиндиктерди урматтоого жана камсыз кылууга, улуттук жана эл аралык прогрессивдүү иш-чаралардын, Уюмга мүчө болгон мамлекеттердин элдеринин арасында, ошондой эле алардын юрисдикциясында турган аймактагы элдердин арасында жалпы таануу жана ишке ашыруу жолу менен бардык элдер жана бардык мамлекеттер аткарууга аракет кылууга тийиш болгон милдет катары адам укуктарынын ушул Жалпы Декларациясын жарыялайт.

АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram
FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram