Перейти к содержимому

Алты жашар кызды зордуктады деген шектүүнүн жакындары жазаны жеңилдетүүгө аракет кылууда

Шектүүнүн жакындары жазаны жеңилдетүү үчүн акча сунуштап, жабырлануучунун энесине басым жасап жатат.

Окуя үстүбүздөгү жылы 26-майда Ноокен районунда болгон. Мектепке чейинки даярдоо классында окуган алты жаштагы үч кызды 28 жаштагы айылдашы тосуп алып, үйүнө «тыт жегени» чакырган.

Шектүү кыздарга куурулган картөшкө менен жумуртка берип, ата-энелери тууралуу сураган. Андан соң ата-энеси ажырашкан кызды башка имаратка алдап алып барып, зордуктаган.

Ноокен райондук милициясы бул факты боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козголуп, шектүү Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган. Соттук отурум 15-августка белгиленген.

Укук коргоочулар ушул тапта айыпталуучунун жакындары жабыркаган тарапка басым кылууга аракет кылып жатканын айтышууда.

Айыпталуучунун энеси секелектин дарылануусу жана башка чыгымдарына кеткен каражатты төлөп берүүнү сунуштап, ордуна тосмо арыз талап кылган.

«Эгер баласы 25 жылдан ашык мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратылса, эч кандай жардам көрсөтпөй турганын айтыптыр», — деп белгилейт алар.

Мындан улам жабырлануучунун апасы кызын жана өзүн коргоо өтүнүчү менен Ноокен райондук прокуратурасына кайрылганын кошумчалашты.

«Справедливость» укук коргоо уюмунун адвокаты Нурислам Райымжанов бул иш боюнча бардык далилдер бар экенин белгилейт. Анын айтымында, окуя болгон жерден кыздын чачы табылган, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы зордуктоо болгонун тастыктап турат.

«Зордукчулар жасаган иши үчүн жоопкерчиликке тартылбаган үчүн коомубузда зордук-зомбулук өтө күчөп кетти. Мындай кылмыш жасагандарды эң узак мөөнөткө соттош керек», — деп белгиледи адвокат.

FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram
FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram