Жалал-Абад облусттук адам укугун коргоо уюуму “Справедливость” чакырат: «Биз тең укуктуулук жана кемсинтүүсүз жашоо үчүн». Тилекке каршы, кемсинтүү жана тең укуктуулуктун жоктугу кең таралган мамиле жана укуктук ченемдик актыларды кабыл алуу учурунда бул жагдай эсепке алынбай келинүүдө. Тең укуктуулукка жана кемсинтүүсүз мамилеге жетишүү ар бир адамдын колунда. Ким кемсинтүүгө жана тең укуктуулуксуз мамилеге кабылганмын деп эсептесе, САПАТТУУ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУ ҮЧҮН “СПРАВЕДЛИВОСТЬ” адам укугун коргоо уюмуна кайрылса болот, биз жардам берүүгө даярбыз.
Биздин уюм Европа Союзу жана БУУнун Тынчтык куруу Фонду каржылоосу менен 2019-жылдын 01-мартынан баштап Адам укугу боюнча БУУнун Башкы комиссариатынын “Тең укуктуулукка жана социалдык калыстыкка көмөктөшүу” программасы алкагында укуктук жардам көрсөтүү боюнча иш жүргүзөт.
Уюмдун адвокаттары кайрылган жарандардын укугун коргоо жаатында САПАТТУУ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮгө, алардын кызыкчылыктарын, укуктарын коргоого, мамлекеттик органдар, прокуратура, сот жана башка мекемелерде жарандардын атынан катышууга даяр. Адвокаттар натыйжалуу укуктук жардам көрсөтүү багытында укуктук талаада бардык улуттук же эл аралык адам укугун коргоо механизмдеринен пайдаланууга даярдыгын билдирет.
ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ ҮЧҮН БИЗГЕ КАЙРЫЛСАҢЫЗДАР БОЛОТ:
Абдувохид у. Абдуносир (Ош) 0552920227
Райимжанов Нурислам (Жалал-Абад) 0771202064, 0553212153
Абдухалилов Сардорбек (Жалал-Абад) 0776159158, 0551159158
Кеңирээк маалымат алуу үчүн:
Проект координатору Өткүр Жапаровко кайрылсаңыздар болот Жалал-Абад облусттук адам укугун коргоо уюму “Справедливость”, Жалал-Абад ш., Эркиндик көч, 30, телефондор: + 996 3722 2 17 18, 2 10 15, 0777126272
E-mail: spravedlivost.hro.kg@gmail.com
