Кыргыз Республикаcынын Жогорку Кеңешинин
1994-жылдын 12-январындагы N 1406-XII токтому менен кошулган
Нью-Йорк шаары, 1966-жылдын 16-декабры
(Бул документтин расмий эмес котормосу «Токтом» маалымат борборунун юридикалык бөлүмүнө таандык)
Аталган Пактта катышкан мамлекеттер, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында айтылган принциптерге ылайык адамзат үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсүнө таандык болгон алардын жеке ар-намысын, ажырымсыз жана тең укуктуулугун камсыздандыруу эркиндиктин, акыйкаттыктын жана жалпы тынчтыктын негизин түзөөрүн эске алуу менен,
бул укуктар адамзатына таандык ар-намыстан келип чыгаарын моюнга алуу менен,
адам укуктарынын Жалпы Декларациясына ылайык атуулдук жана саясий эркиндикке ээ болгон эркин инсандын идеалы ар бир инсанга өзүнүн экономикалык, социалдык жана маданий укуктарын, ошондой эле атуулдук жана саясий укуктарын колдоно ала турган шарт түзүлгөн учурда гана ишке ашаарын эске алып,
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык мамлекеттер адам укуктарын жана эркиндигин сыйлоого жана аткарууга милдеттүү экенин эске алып,
башка инсандардын жана өзү тиешелүү болгон коллективдин алдында милдеттери бар ар бир инсан аталган Пактта айтылган укуктардын аткарылышын талап кылышы керек экенин эске алып,
төмөнкү статьяларга толугу менен кошулушат: