Перейти к содержимому

БАЗАР-КОРГОН: КҮЙӨӨСҮ СОТТУН ЧЕЧИМИН АТКАРБАЙ ЖАТАТ

АПАСЫ БАЛДАРЫН ЖАРЫМ ЖЫЛДАН БЕРИ КӨРӨ АЛБАЙ ЖҮРӨТ

Күйөөсү соттун чечимин аткарбагандыгынан аялыдээрлик алты айдан бери балдарын көрө албай жатат.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон районунун тургундары — 35 жаштагы Б.А. жана 29 жаштагы Х.М. 2011-жылы үй-бүлө курушкан. Алардын жашы жете элек төрт баласы бар.

2022-жылдын башында алардын ортосунда пикир келишпестик болуп, аялы балдарын алып, ата-энесине кеткен. Ошол убакыт аралыгында күйөөсү эч кандай материалдык жардам көрсөткөн эмес. Ал эми 2022-жылдын август айында аял Россияга иштөө үчүн кеткен.

Күйөөсү аялынын жоктугунан пайдаланып, алдоо жолу менен балдарын өзүнө алып кеткен. Аялынын ата-энесине балдарын сагынганын, алар менен болгусу келгенин айткан. Ата-энелер каршы болгон эмес, анткени алар жубайлардын пикир келишпестиктерин убактылуу деп эсептешкен.

Андан кийин күйөөсү аялынан балдары үчүн алимент талап кылып сотко кайрылган. Алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун алган келиндин ата-энеси бул тууралуу кызына билдирүүгө аргасыз болушкан. Ошондой эле алар ага Б.А. балдарды кайтарбай жатканын билдиришкен.

«Справедливость» укук коргоо уюмунун өкүлү, жактоочу Элдор Бакиров жубайлар арасында буга чейин да чыр-чатактар ​​болуп, атүгүл бири-биринен өзүнчө жашашкан күндөр болгон деп түшүндүрөт. Ошол учурда аялы алимент өндүрүү үчүн арыз менен кайрылган.

«Жолдошунун алиментке болгон карызы 140 миң сомго жеткен. Алдоо жолу менен балдарын алып кетип күйөөсү, биринчиден, алименттик карыздан кутулган, экинчиден, алимент өндүрүү үчүн өзү арыз жазган», — деп түшүндүрдү адвокат.

Сентябрь айында Х.М. Россиядан кайтып келүүгө аргасыз болгон. Ал кайтып келгенден кийин алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Сотто аял күйөөсү ажырашуу үчүн сотко кайрылганын билген. Ал арызында алардын ортосунда мүлк жана балдар боюнча эч кандай талаш-тартыш болбогонун көрсөткөн. Бирок, талаш эки маселе боюнча дагы болгон.

Х.M. балдарын аны менен бирге калтыруу өтүнүчү менен утурлама доо арыз менен кайрылган. Сот доону канааттандырды.Бирок күйөөсү соттун чечимин аткарбай жатат.

Элдор Бакировдун айтымында, күйөөсү балдарды бербей да, көрсөтпөй да жатат.

«Б.А. соттун чечимин аткарбоо кылмыш жоопкерчилигине алып келерин түшүнбөй жатат», — деди адвокат.

FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram
FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram