Перейти к содержимому

Беш айлык боюнда бар келинди өз жанын кыюуга жеткирген. Маркумдун күйөөсү менен жеңесине кылмыш иши козголду

Былтыр, 2-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 24 жаштагы Саламат (каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу кош бойлуу келин асынып алган. Жакындары анын өлүмүнө күйөөсү Замирбектин жана абысыны Наргизанын тиешеси бар экендигин айтып чыгышкан.

Бүгүнкү күндө маркумдун күйөөсү (30 жашта) менен абысынына (41 жашта) кылмыш иши козголгонун «Справедливость» укук коргоо уюмунан кабарлашты. Уюмдун маалыматына ылайык:

Наргизанын жолдошу 2015-жылы каза болгон. Замирбек 2017-жылы Саламатка үйлөнүп, кыздуу болушкан. Үй-бүлөнүн жакындарынын айтымында, Замирбек маркум агасынын жубайы Наргиза менен жакын мамиледе болгон. Алардын мамилесин жакын чөйрөсүндөгүлөр билишчү, кийин Саламат да кабардар болгон. Мунун айынан үй-бүлөдө дайыма чыр-чатактар ​​болуп турган. Саламат күйөөсүн абысыны менен төшөктө жаткан жерден кармап алган, бул тууралуу анын туугандары тергөө учурунда билдиришкен (келин үй-бүлөдө эмне болуп жатканын айтып жүргөн).

Саламат күйөөсүнө жеңеси менен сүйлөшпө деген талабы үчүн ур-токмокко алынып, көк ала болуп жүргөн күндөрү болгон. Ал тургай күйөөсү мас абалында үйүнө келип өлтүрөм деп коркуткан учур да катталган.

«Саламат күйөөсү менен абысыны WhatsApp аркылуу жазышып жатканда кармап алган. Бир жолу видео чалуу аркылуу байланышканда абысыны жарым жылаңач эле. Бул үчүн Саламат күйөөсүнөн токмок жеген», — деп айтылат иш материалында.

Келин күйөөсүнө эле эмес, жеңесине да таасир этүүгө аракет кылган. Бирок абысыны Саламатты шылдыңдап «келин болуп келгенде кыздык белгиси жок келгенсиң» деген. Келин мындай кордуктарга чыдабай 2021-жылдын 2-ноябрында сарайда асынып алган.

Саламат өз жанын кыйганга чейин атасынын үйүндө бир ай жашап жүргөн. Күйөөсү артынан барып, кечирим сурап, кайра алып келген. Бирок эски адатынча келинчегин басынтып, сабаган. Жеңеси менен мамилесин да уланта берген.

Ал эми Замирбек менен Наргиза Саламаттын өлүмүнө себепкер дегенге караманча каршы. Алар ортодогу мамилесин да моюндарына алышкан эмес. Бирок бардык күбөлөр алардын мамилеси бар деп көрсөтмө беришкен, ошондой эле иштин материалдарында алардын WhatsApp`тагы каттары бар.

Саламаттын өлүм катында бул трагедияга ким күнөөлүү экени көрсөтүлгөн. Тагыраагы, өлүмүнө күйөөсү менен абысынын күнөөлүү деп атаган жана мындай кадамга баруусунун себептеринин катарына алар тарабынан дайыма кысым көрсөтүү жана кемсинтүүнү атаган. Абысыны Саламат менен Замирбектин ортодогу кызын башка никеден деп, бүлө болуп келгенде кыз эмес болуп чыкканын, арачага түшө турган эч кимиси жок экенин айткан. Кол жазмага дайындалган экспертиза жазууну Саламат өзү жазганын тастыктаган.

Адегенде Замирбекке, андан кийин Наргизага козголгон кылмыш иши прокуратуранын, тергөөчүнүн, жактоочунун принципиалдуу позициясынын аркасында козголгон. Айыпталып жаткан тарап күбөлөргө жакпаган көрсөтмөлөрү үчүн кысым көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Замирбек менен Наргизага карата Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин (өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу), 3-бөлүгү (адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратам деп коркутуу, ырайымсыз мамиле кылуу же кемсинтүү, адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү максатында жасалган адамдын жеке кадыр-баркына шек келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Саламаттын жакындарынын талабы менен жансыз денеге эксгумация да жүргүзүлгөн. Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Райымжановдун айтымында, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында келиндин денесинен жаракаттар аныкталган, бул келин өлүм алдында ур-токмокко алынган болушу мүмкүн экенин көрсөткөн. «Келиндин көкүрөгүндө беш айлык төрөлө элек ымыркай жаткан, ал көмүлгөнгө чейин денесинен алынган», — деген жактоочу.

FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram
FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram