Перейти к содержимому

«МЕН КЫЙНООЛОРГО КАРШЫМЫН» МААЛЫМАТТЫК КАМПАНИЯСЫНЫН 5-КҮНҮ

Кыйноолорго каршы Коалициянын мүчөлөрү — Кыргызстандын бардык областарында жана аймактарында укуктук жардам көрсөткөн 13 укук коргоочу уюмдан турат. Биздин мүчөлөрдүн бири — Жалал-Абаддагы «Справедливость» адам укугун коргоо уюму жана анын жетекчиси Валентина Гриценко.

Өткөн жылы Валентина Алексеевна жана уюмдун адвокаты Сардорбек Абдухалилов, Анарбек уулу Эсенбектин сот ишинде жеңишке жетишкен. Алар «Кыйноолор» беренеси боюнча полиция кызматкерлерин 8 жылга соттошуп, Финансы министрлигинен 1 миллион сом өлчөмүндө моралдык компенсация өндүрүп алышкан.

Бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кыйноолордун курмандыктарына мындай сумма төлөнгөн, жана бул акыркы эмес деп үмүттөнөбүз. Бул окуя боюнча өзүнүн жеке оюун Эркин Нурбаев айтып кетти.

Спикерлерге кыйноолорго каршы күрөшкө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Анарбек уулу Эсенбек аттуу жигиттин акыйкаттыкка жетишип, жана 1 миллион сом өлчөмүндө моралдык компенсация алган окуясын төмөндөн окуй аласыздар

Анарбек уулу Эсенбек — Кызыл-Жар райондук ооруканасында стационардык дарылоодон өткөн жигит. 2015-жылдын 11-декабрында 3 милиционер аны Шаардык ички иштер башкармалыгына алып барышып, ал батирдеги уурулукту мойнуна алууну талап кылышкан. Алар Эсенбекти кыйнап, полиэтилен баштыгын башына кийгизип, кийинчерээк аны газга каршы маскага алмаштырышкан, пакеттин муунтулушу ыңгайсыз болгонун айтып, тайып кеткендигин билдиришкен. Алардын ниеттери канчалык олуттуу экендигин көрсөтүү үчүн, аны сыртка алып чыгып, чечиндирип, үстүнө муздак суу куюшкан (бул декабрь айында болгон). Катуу оорудан улам ал бир нече жолу эсин жоготуп, бардык керектүү документтерге кол коюуга да даяр болгон. Сот отурумунда ал күнөөлүү деп табылып, үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасы көрүлдү. Эсенбектин апасынын айтымында, полиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Сот аларды 8 жылга эркинен ажыратуу менен, Каржы министрлигинен 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация катары өндүрүп алуу чечимин чыгарган.
Эсенбектин апасы бул чечимди укканда көзүнө жаш алды.Анын үй-бүлөсү бир нече жылдар бою көп кыйынчылыктарды баштан кечирди жана белгилеп кетүү керек, кыйноолор жана катаал мамиле Эсенбектин эсинде түбөлүккө калат.

Тарапта калбаңыз, чогуу кыйноолорду токтотобуз.
Кыйноолор Акыйкатчылыгына кошулуңуз
#Менкыйноолоргокаршымын

#Менкыйноогокаршымын кампаниясынын толук чыгарууларын көрсөӊүз болот

Источник: https://notorture.kg/?p=3538

FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram
FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram