Профессионалдуу адвокаттар жана юристтер сизге кеңеш беришет жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүшөт.
укуктук ЖАРДАМ —
— консультациялар
— онлайн консультациялар (анонимдүү)
— документтерди даярдоо
Сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон жолдор менен биз менен байланыша аласыз:
Номерине чалыңыз — +996 (3722) 2-17-18
Даректе көрсөтүлгөн офисибизге келиңиз — Жалал-Абад, ул. Эркиндик, 30 — квартал.
үй-бүлөлүк зомбулук — үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата дене-бойлук, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайылап жасаган аракеттери же алардын коркунучу, ошондой эле этибарсыз мамилеси;
дене-бойлук зомбулук — үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата түздөн-түз же кыйыр түрдө атайылап дене-бойлук таасир этүүсү, өтө маанилүү жашоо-турмуш функцияларын аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуусу, башка жерге көчүү эркиндигинен, турак жайдан, тамак-аштан, кийимден ажыратуусу же чектөөсү, оор кара күч эмгегине мажбурлоосу, ошондой эле багуу жана кам көрүү милдеттеринен баш тартуусу;
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сексуалдык зомбулукту “ар кандай сексуалдык аракет же аны жасоо аракети; керексиз, жагымсыз тийишүүлөр, шылкылдашуулар; кайсы жерде болбосун, жабырлануучу менен болгон мамилесине карабастан, мажбурлоо менен жасалган сексуалдык аракеттер»
психологиялык зомбулук — дене-бойлук, сексуалдык, экономикалык зомбулук жасоо коркунучу, ошондой эле ар-намысты жана кадыр-баркты атайылап басмырлоо, өмүргө коркунуч келтирүүчү же психологиялык, дене-бойлук саламаттыктын бузулушуна, ошондой эле жашы жете элек адамдардын катташуу укугун чектөөгө алып келүүчү укук бузууларды же жосундарды жасоого мажбурлоо;
экономикалык зомбулук — үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүн/ага теңештирилген адамды багуу боюнча милдеттерин атайылап аткарбоосу, ошондой эле адамды ага мыйзам боюнча таандык болгон мүлктү же кирешелерди алуу же тескөө укугунан атайылап ажыратуу же чектөө жана/же ишенимдүү адамдын мүлктү же кирешелерди ишеним көрсөтүүчүгө зыян келтирүү менен пайдалануусу.
Үй-бүлөлүк зомбулукту көрсөткөн адам көбүнчө бул кыянатчылыкты туура, алгылыктуу жана негиздүү деп эсептейт, анын аракеттери башкаларга маалым болуп калуусу мумкун эмес деп билет. Көптөгөн адамдар өздөрүн зордуктоочу же жабырлануучу катары тааныбайт жана үй -бүлөлүк абалын убактылуу көзөмөлсүз абалга түшүп калды деп эсептешет.
Мындай кырдаалда үй-бүлө туруктуу чыр-чатактарга дуушар болот, алар муундан муунга өтүүчү жагдайды тузуп, зомбулук бул үй-бүлөлүк мамилелердеги алгылыктуу ыкма деген түшүнуктү жаратышат.
Биринчиден, биздин өлкөдө (бардык өлкөлөрдө эмес) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө бар
Ушул Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун жана аны болтурбоонун, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды социалдык-укуктук сактоону жана коргоону камсыз кылуунун укуктук негиздерин аныктайт. Ушул Мыйзамдын колдонулушу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген, бирге жашаган адамдарга жайылтылат.
Анын үстүнө, кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана тартип бузуу боюнча атайын нормалар бар.
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө же ага теңдештирилген адамга карата жабырлануучунун конституциялык жана башка укуктарын жана эркиндиктерин бузган, буга тете эле ага дене-бойлук же психикалык азаптануу келтирген же болбосо анын дене-бойлук же психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген кандай болбосун атайылап жасаган аракети, — I категориядагы айып пул (60-80 миң) же болбосо II категориядагы түзөтүү жумуштары (4-6 айга) же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга (40-60 саат) тартуу түрүндөгү
жазага алып келет.
Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо, — II категориядагы айып пул (60-80 миң) же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга (40-60 саат) тартуу түрүндөгү жазага алып келет.
Келтирүү учурунда өмүргө коркунучтуу болгон дене-бойго зыян келтирүү түрүндөгү ден соолукка оор зыян келтирүү; же көрүүсүн, сүйлөөсүн, угуусун
же кайсы бир органын жоготууга, же болбосо органдын аткаруучу функцияларын жоготууга алып келген ден соолукка зыян келтирүү; эмгекке жөндөмдүүлүгүн кеминде үчтөн бирин туруктуу жоготуу менен, же болбосо билип туруп кесиптик эмгек жөндөмдүүлүгүн толук жоготуу менен байланышкан психикалык ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна алып келүү; боюнан түшүрүү же болбосо адамдын бетине кетпес так салуу, — III категориядагы эркиндигинен ажыратууга (5 — 7,5 жылга) жазаланат.
Өмүргө коркунуч келтирбеген жана ушул Кодекстин 138-беренесинде каралган кесепеттерге алып келбеген, бирок ден соолуктун узакка начарлашына же жалпы эмгекке жарамдуулугунунун үчтөн бирине чейин олуттуу түрдө туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка зыян келтирүү, — IV категориядагы түзөтүү жумуштарына (2,5 – 3 жылга) же V категориядагы айып (22 – 26 миң), же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга (2,5 жыл) жазаланат
Дайыма кайталануучу уруп-согуп кыйноо жолу менен, же болбосо башка зомбулук аракеттер менен дене-бойлук же психикалык жапа чегүү келтирүү, эгерде бул ушул Кодекстин 138 жана 139-беренелеринде көрсөтүлгөн кесепеттерге алып келбесе, — IV категориядагы түзөтүү жумуштарына (2,5 – 3 жылга) же V категориядагы айып салууга (220 – 260 миң) же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга (2,5 жыл) жазаланат.
Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата;
2) күнөөлүү билип туруп жашы жетелекке, алсыз абалдагы, же болбосо күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамга, ошого тете уурдалган, же болбосо барымта катары кармалган адамга карата;
3) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан, —VI категориядагы айып салууга (260 – 300 миң) же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга (2,5 – 5 жыл) жазаланат.
Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюму үй-бүлөлүк зомбулуктан кантип коргонуу боюнча кадамдык нускамаларды, ошондой эле алименттерди өндүрүү боюнча негизги суроолор жана процедуралар жөнүндө маалыматтарды даярдады.