Перейти к содержимому

Сузакта карындашы агасын сотко берди. Бир туугандар чөп талашкан

Сузакта чөп талашкан агасы менен карындашынын иши Жогорку Сотко чейин жетти. «Справедливость» укук коргоо уюмунан кабарлашкандай, карындашы агасын сотко берген.

Сузак районунун тургуну Ж.Т. атасынын жеринен 146 түк чөп алып кеткен. Чөптү анын карындашы Т.Э. даярдагандыктан, ал агасын сотко берген. Аял бардык чыгымдарды эске алуу менен 41 миң сом зыян келтирилгенин айткан.

Сузак райондук соту эки тарапты тең угуп, «арыздануучу жердин ээси экенин далилдей алган жок» деген жүйө менен келтирилген чыгымдын ордун толтуруу боюнча арызды канааттандырган эмес. Бирок Т.Э`нин колунда каза болгон атасынын керээзи болгон. Документти райондук сот эмнегедир эске алган эмес.

Сузак районунун 1929-жылы туулган тургунунун керээзинде: «Мен өлгөн күнү мага таандык болгон бардык мүлктөр кайда, эмне болсо да мен аларды Т.Э`ге мурас катары калтырам», — деп айтылат.

Т.Э. атасынын өмүрүнүн акыркы жылдарында ага кам көргөн. Ыраазычылык иретинде атасы ага мүлктөрүн мураска калтырган. Ата керээзинде да ушул 1,24 гектар чөп чабууга бөлүнгөн жер көрсөтүлгөн. Ал эми жалгыз агасы атасынын жанында болгон эмес. Бул үй-бүлөнү жакындан билгендер Ж.Т. аялынын таасиринен улам атасынан алыстап кеткенин айтышат.

Т.Э`нин кызыкчылыгын коргогон «Справедливость» укук коргоо уюмунун жактоочусу Равшан Абдуллаев Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Ал арада Ж.Т. облустук сотко кайрылып, ден соолугуна байланыштуу соттук процесстерди токтото турууну өтүнгөн. Бирок облустук сот дарыгерлердин медициналык корутундусун жана иштин материалдарын карап чыгып соттук отурумдарды жылдыруу өтүнүчүн канааттандырган эмес. Ал эми Т.Э`нин даттануу арызын канааттандырган.

Ж.Т. буга макул болбой, облустук соттун чечимин жокко чыгарып, биринчи инстациядагы чечимди күчүндө калтыруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кассациялык даттануу менен кайрылган.

Жогорку Сот экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырып, кассациялык даттанууну канааттандырган жок. Бул чечим боюнча агасы карындашына 41 миң сом берет.

FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram
FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram