Перейти к содержимому

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛСОТУ КОШ БОЙЛУУ КЕЛИНДИ ӨЗ ЖАНЫН КЫЮУГА ЖЕТКИРДИ ДЕП АЙЫПТАЛГАН КИШИНИ АКТАДЫ

2-июнь күнү Жалал-Абад облустук соту кош бойлуу келинди «өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирди» деп айыпталган 32 жаштагы киши менен 45 жаштагы аялды толугу менен актады. Буга чейин биринчи инстанция эркекти сегиз жылга соттоп, аялга беш жылдык пробациялык көзөмөл чектеген болчу. 

Келин асынып алардан мурда кат жазып кеткен. Жакындары анын өлүмүнө «кызыл камчы күйөөсү менен кайниси менен ойноштук кылган абысыны күнөөлүү» деп эсептешет.  

24 жаштагы Советбек кызы Салтанат 2021-жылы 2-ноябрда өзү жашаган үйдүн мал сарайында асынган абалда табылган

Беш айлык кош бойлуу, үчкө чыга элек кызы бар жаш келин асынардан мурда кат жазып кеткен. Анда «абысыны — кыз эмес келгенсиң, күйөөсү — кызың менден эмес» деп басмырлаганын айткан. 

Салтанаттын бир тууган агасы карындашы күйөө баласынын «жеңеси менен ынак мамилеси бар экенин билип, алардын кысымына чыдабай» жанын кыйганын айтып берген.  

«Бул жерде кептин баары күйөө бала менен анын жесир жеңесинде болуп жатат. Карындашым мурда да экөөнү кармап алган экен. Убагында эч кимге айта албаптыр», — деген ал.     

Окуя боюнча Токтогул райондук милициясы тарабынан «Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталган. Кийин шектүү катары маркумдун күйөөсү кармалган. 

Салтанаттын таежеси Марсиана Мамаева жээни мурда дагы зомбулукка кабылып келгенин айтып берди. 

«Салтанат өзү томолой жетим. Бир барганымда бети-башы көгала болуп, ата-энесинен калган үйдө жүрүптүр. Көп эле токмок жеп, көзү жарылып, башы жарылып таежелерине качып барган күндөрү болуптур» — дейт ал. 

Мамаеванын айтымында, Салтанат кайын журтунда «келин эмес, малай катары» кызмат кылып келген. 

«Орусияга кеткен кайнежесинин эки баласы, көзү өтүп кеткен кайнежесинин эки баласы, ажырашкан кайнагасы уулу менен, баарын мал-жанын кошуп малай катары сиңдим карачу экен. Күбө катары көрсөтмө берген кошуналары, аяштары муну тастыктап берди. Күйөөсү аны той-томолокко да ээрчитип барчу эмес экен, анткени ойнош женеси тыюу салчу тура», — дейт ал. 

Каргашадан бир күн мурда Салтанат күйөөсү менен абысынын жазышкан катын окуп калган. Бул тууралуу аяшына айтып берген. — Мени конокко ээрчитип барганы үчүн жеңеси ага таарынып, жолдошум абдан актаныптыр. Окугандан бери өзүмдү коёрго жер таппай жатам, — деген маркумдун сөзүн курдашы эстеп айтып берген. 

Марсиана Мамаеванын айтымында, бул окуядан кийин жээни менен күйөө баласынын ортосунда уруш чыгып, жолдошу Салтанатка кайрадан кол көтөргөн. 

«Токмоктон кийин ичиндеги баласы кыймылдабай калыптыр. Салтанат коркуп УЗИге барат. Райондун борборунан күйөөсү менен жеңеси чогуу жүргөнүн көрүп, ошол жерде да жаңжал болот. УЗИнин кагаздарын таппай жатабыз, жок кылдырып коюшкан окшойт», — дейт ал көзүнө жаш алып. 

Салтанаттын таежеси анын артында калган кызы таекесинин камкордугуна алынганын, кээде апасын эстеп, куса болуп ыйлап каларын айтып кейиди.    

Жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын коргогон адвокат, «Справедливость» укук коргоочу уюмунун юристи Равшан Абдуллаев бул иште далилдер базасы жетиштүү, олуттуу болгонун билдирди.  

Анын айтымында, каза болгон келиндин өлүм алдында жазган тил каты экспертизадан өткөрүлүп, Салтанат өз колу менен жазганы аныкталган. Ал эми 2021-жылы адвокаттарынын өтүнүчү менен ишке ашырылган эксгумацияда анын денесинде ур-токмоктун белгилери бар экени ачыкталган. 

«Экспертизанын жыйынтыгында суицидге чейин Салтанаттын денесине туюк нерсе менен жаракат келтирилген деп жазылып турат. Бул экинчи айныгыс далил», — дейт адвокат. 

Абдуллаев тергөө учурунда жана биринчи инстанциядагы сот отурумундагы күбөлөрдүн көрсөтмөсү жана кылмышка айыпталгандардын WhatsApp аркылуу жазган билдирүүлөрү Салтанатка психологиялык чоң басым көрсөтүп келишкенин даана көрсөтүп турат деп кошумчалады. 

Кара-Көл шаардык соту Салтанаттын күйөөсүн сегиз жылга эркинен ажыраткан, ал эми жеңесине беш жылдык пробациялык көзөмөл жазасын колдонгон. 

Бирок июндун башында Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясы биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарып, айыпталуучуларды актады. Соттун басма сөз кызматы жиберген билдирмеде «айыпталуучулардын аракетинде кылмыштын курамы болбогондуктан акталды» деп жазылган.   

Адвокат Абдуллаев болсо «Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен соттолгон кишиге 8 жыл эркиндигинен ажыратуу ансыз деле минималдуу жаза экенин айтат.  

«Айыпталуучулар башынан эле күнөөсүн мойнуна алышкан эмес. Эгер жасаган ишине өкүнгөнүн билдирсе да бул жеңилдетүүчү жагдай катары эсептелмек. Күйөөсүнө эң төмөнкү жаза берилген, жеңесинин жашы жете элек балдары болгон үчүн камакка алуу эмес, пробациялык көзөмөл деп жарыяланган. Эми болсо акталып отурат», — деп айтып берди адвокат.

Салтанаттын жакындары бул өкүмдү өтө оор кабыл алышканын айтып, айыпталуучулар «облсоттун үч судьясын сатып алган болушу керек» деп шек санап жатышат. 

Ал эми Равшан Абдуллаев ушул тапта Жогорку сотко кассациялык даттануу даярдалып жатканын белгиледи. 

FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram
FacebookOdnoklassnikiVKTwitterGmailWhatsAppTelegram