Кыйноого кабылган жаран БУУнун комитетине кайрылууга ниеттенүүдө

«Аялдын шымын чечип, жыныстык органына баклажка менен урса, мен муну зордук-зомбулук деп эсептейм», — дейт кыйноого кабылган 45 жаштагы Наргиза Ражапова.
Аялдын айтымында, аны Ош ОИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө катыштыгы болушу мүмкүндүгүнө байланыштуу Ош ОИИБдин ыкчам кызматкерлери кыйноого алышкан.
«Үч офицер терезелерди жаап, баштыктарды кийгизип, ийне менен сайып, кыйнап, сөгүп, түкүрүп, зордуктайм деп коркутушкан», — дейт кыйноонун курмандыгы.
Аял түштүк борбордун Ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын имаратынын жанында дүкөн иштетчү. Ал эми өлтүрүлгөн подполковник кээде андан соода кылчу. Наргиза ал кишинин акыркы жолу телефон аркылуу байланышкан адамдардын бири болуп чыккан. Ошон үчүн оперлер аялдын жана анын жолдошу Дамир Шабралиевдин мойнуна кунөөну алдырууга аракет жасашкан.
«Алар киши өлтүрүү тууралуу айтышкан жок, мен өлтүрүлгөн адамдын ойношу экенимди жана күйөөм мени кызгангандыгын моюнга алышымды каалашты», — деди Наргиза. — Мен ошол учурда абдан коркуп кеттим. Күйөөң сени зордуктап, жыныстык органыңа туз чачканга уруксат берди деп айтышты – бул мага аябай катуу тийди. Адегенде жолдошумдун ушинтип айтканына да ишенип кеттим, анткени мунун баарын алар ынанымдуу айтышкан.
Раджапова күйөөсүнүн антип айтпаганын аны менен сүйлөшкөндө гана түшүнгөн. Аялдын айтымында, күйөөсү бул иш боюнча аны гана эмес, кармалган баласын, Наргизанын бир тууган инисин да коргой баштаган. Алардын бошотулуусу үчүн Дамир күнөөнү өзүнө алды.
Аялдын бир тууганы Мурат Ражапов он күндөн кийин кайра кармалган. Наргизанын айтымында, спецназдын офицери, ал тургай кара курдун ээси болгон кишини майып күйөөсү жалгыз кантип өлтүргөн деген милицияда күмөн жаралаган.
«Менин күйөөмдүн жамбаш сөөгү сынган, ал беш килограммдан ашык жүк көтөрө албайт», — дейт аял.
Окуя, анын ичинде ыкчам кызматкерлердин шылдыңдаган мамилеси, аялдын ден соолугуна терс таасирин тийгизген. Наргиза психологиялык травмадан тышкары чыныгы физикалык азаптарды тартып, анын кесепетинен боюнан түшүп калган.
«УЗИге текшерилдим, 2,5-3 айлык боюмда бар болчу. Алар эгиздер эле. Ал жерден чыкканда бир түйүлдүк өлүп калган, экинчисин сактап калайын дегем, бирок болбой калды», — деп эскерет Наргиза.
Сот Наргизанын иниси менен күйөөсүн милиционерди өлтүргөн деп айыптап, аларды катуу жазалаган: биринчи инстанция күйөөсүн 17 жылга, экинчиси — өмүр бою, биринчи инстанция инисин 7 жылга, экинчиси — 12 жылга эркинен ажыратты.
Жабырлануучу аял күйөөсү менен инисин күнөөсүз экенин далилдей албай турганын айтууда. Ал тургай башкы прокурор жана УКМКнын жетекчисинин кабылдамаларында да болгон. Алар караштырып, баарын чечип берүүнү убада кылышкан. Бирок бул убадалар эч кандай жыйынтык берген жок.
Наргиза аны кыйнагандарды жазага тарттыргысы келет. Өзүнөн бир топ кичүүлөрдүн кордугуна кабылганына аябай ичи атышат. Анын айтымында, оперативдүү кызматкерлер уялбастан, анын дарегине аябай кемсинтүүчү сөздөрдү айтышкан. Аял аларды зордук-зомбулукка гана эмес, адам өлтүрүүдө да айыптоодо.
«Алар чындап эле эки адамды, эки төрөлө элек баланы өлтүрүштү», — дейт Раджапова.
Иш кыскартырылган, бирок угузулган эмес
Наргиза Ражапова жабырлануучу катары таанылган эмес жана ал кыйноолор боюнча ишти кыскартуу чечимин 2022-жылдын 10-февралында колуна алган. Ал чечим, кийинчерээк белгилүү болгондой, 2021-жылдын 22-октябрында эле чыккан экен.
Көрсө, дээрлик төрт ай бою Ражапова да, анын мыйзамдуу өкүлдөрү да сотко чейинки өндүрүштү токтотуу боюнча чечимин колго алышкан эмес. «Бул дегени арыз берүүчүгө карата чечим жөнүндө кабарлоо процессуалдык тартиби бузулган», — деп таң калышты адвокаттар.
2022-жылдын 21-февралында тергөө судьясы адвокаттардын даттануусунун мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүчүн четке какты, эмесе даттануу мөөнөтү Ражапованын жана анын адвокаттарынын айынан өтүп кеткен эмес. Раджапова мыйзамда белгиленген мөөнөттөн төрт ай кечиктирилип билдирүүнү колго алгандыгын тергөөчү менен прокуратуранын өкүлү моюнга алышкан, бирок бул жагдай судьянын чечимине таасир тийгизген жок.
Кыйноо колдонулгандан бери төрт жылдан ашык убакыт өттү. Ошол мезгилден бери кыйноочуларды жазалоо аракетинен майнап чыккан жок. Жабырлануучу таң калат: оперативдүү кызматкерлеринин аракеттери зордук-зомбулук катары таанылышы үчүн алар дагы эмне кылышы керек эле деп.
Наргиза Раджапова БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз менен кайрылмакчы.